Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024

Румыния менен Болгариянын Шенген аймагына кошулуу жараяны боюнча маалымат берилди

0
Европа комиссиясынын ички иштер комиссары Илва Йоханссон Румыния менен Болгария Шенген визасыз аймагына интеграция жараянын быйылкы жылдын соңуна чейин толук аяктай аларына оптимисттик көз карашта экенин билдирди. "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде ал:


"Румыния менен Болгария даяр, Шенген аймагы даяр. Ошондуктан мен эч кандай тоскоолдук жок деп эсептейм. Азыр ички чек ара көзөмөлүн алуу керек", - деди. Еврокомиссардын маеги 21-ноябрда жарыяланат.




Быйыл март айында аталган эки өлкө Шенген келишимине жарым-жартылай негизде кошулган. Ортодо учак, кеме менен каттагандарга бири-биринин аймагына визасыз өтүүгө жол ачышкан, ал эми автомашина менен өтүүгө уруксат берише элек.


Еврошаркет аталган эки өлкөнү Шенген аймагына кабыл алуу туризм жана соода-сатык алакасын кеңейтүүгө шарт түзөрүн айтууда.


Болгария жана Румыния Еврошаркетке мүчө болуп 2007-жылы кабыл алынышкан. Еврокомиссия аларды Шенген аймагына интеграциялоого даярдыгын 2011-жылы эле билдирген, бирок биримдиктин айрым мүчөлөрү бул эки өлкөдө коррупция бар экенин, алар чек аранын коопсуздугун камсыз кыла албай турганын жүйө келтиришкен. Австрия жана Нидерланд өлкөлөрү мыйзамсыз миграция агымы күчөйт деген да кооптонуусун айткан. (RK)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Раиса Чебаника

Зеленоградка Раиса Чебаника стала призером международных соревнований по настольному теннису в Италии






Дарья Касаткина выбрала Австралию: новая глава карьеры теннисистки

В Госдуме предложили увеличить штрафы за прогон скота через ж/д пути до 1 тыс. рублей

Петербург вошел в ТОП-5 регионов по заявлениям в 1 класс через "Госуслуги"

Суд вернул певице Ларисе Долине квартиру в Москве: Мошенники под стражей, им грозит до 10 лет