Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024

ТИМ: 72 миңдей кыргызстандык Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузуп жүрөт

0
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын 71 949 жараны Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузуп жүргөнүн билдирди.


Мекеменин маалыматына ылайык, алар Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалымат базасында эмгектик же жарандык-укуктук келишим түзгөндүгү, бармак изин каттоодон жана медициналык текшерүүдөн өткөндүгү, миграциялык каттоого тургандыгы жөнүндө маалыматы жок адамдар.




Министрлик Орусиянын аймагында мыйзамдуу жүргөнүн тастыктаган жарактуу документи барлар эми бул өлкөнүн Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрүнө кайрылышы керек экенин кабарлады.


ТИМ Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузуп жүргөн мигранттардын тизмесин жакын арада https://migrant.kg порталына жайгаштырат.


Министрлик 2025-жылдын 5-февралынан тартып Орусияда “Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр да күчүнө кирерин эскертти. Ага ылайык, Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар өлкөдөн чыгарылат.


Cоңку расмий маалымат боюнча, Орусияда 400 миңдей кыргызстандык мигрант бар. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Янник Синнер

Олимпийский чемпион Вавринка — о деле Синнера: больше не верю в чистый спорт






В Подмосковье открыли первый участок Южно-Лыткаринской автодороги

В Кремле рассказали, когда Трамп может приехать в Москву

Выше инфляции. Тариф за капремонт в платежках ЖКХ сильно вырос в 2025 году

Ночь на 16 февраля стала самой холодной в Москве с начала года