Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024

Аксыда жер көчтү

0
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жол-Сай айылынын Мазар тилкесинде жер көчтү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 21-ноябрда маалымдады.



Маалыматка ылайык, жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 600 метр куб. Автоунаа жолуна чейин жетип, турак жайларга, адамдарга, мал-мүлккө зыяны тийген эмес.



"Тийиштүү тактоо иштерин жүргүзүү үчүн министрликтин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинен адис жер көчкөн аймакка жиберилди", - деп жазылган маалыматта.



ӨКМдин маалыматында, Кыргызстанда 3817 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашап жатышат. Анын ичинде 2396 үй-бүлө Ош облусунда.



Кыргызстанда жер көчкүлөрдүн 93% Ош жана Жалал-Абад облустарына тиешелүү. Бул аймактарда адам өлүмү менен коштолгон жер көчкүлөр бир нече жолу катталган.




2003-жылы Өзгөндө жер көчкү бир айылды басып калып, 40 адам набыт болгон. 2009-жылы Аксыда жүргөн жер көчкүдө Райкомол айылынын 16 тургуну көз жумган, анын 11и балдар болчу.



2017-жылы жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 киши анын алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз кишинин сөөгү табылган. (ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Горан Иванишевич

Иванишевич: Джокович был готов завершить карьеру из-за отказа от вакцинации






Среднемесячный доход сотрудника ЦБ РФ в 2024 году достиг 231,8 тысячи рублей

Минское "Динамо" вновь забило 5 голов в ворота ЦСКА и добыло вторую победу в Кубке Гагарина

Европа начала тревожиться из-за арктических амбиций Москвы и Вашингтона

Петербург вошел в ТОП-5 регионов по заявлениям в 1 класс через "Госуслуги"