Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024

Абактагы Темирлан Султанбеков ачкачылык кармап жатканына дээрлик 10 күн болду

0
Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги №1 тергөө абагындагы лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык кармаганына дээрлик 10 күн болду. Бул тууралуу адвокаты Айбек Турдуев билдирип, ал суу гана ичип жатканын айтты.


Ал Темирлан Султанбековдун ден соолугун тергөө абагынын медицина кызматкерлери утур-утур текшерип жатканын, дарыгерлер акыркы жолу караганда дене табы 36 градуска түшүп кеткенин айтышканын кабарлады.


Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алган.




Аларга Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат. Темирлан Султанбеков 14-ноябрдан бери ачкачылык кармап жатат. 


Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Андрей Рублёв вышел в четвертьфинал турнира категории ATP-500 в Дохе






Фестиваль в Северной Осетии соберет молодых дирижеров России

В Москве загорелось здание Института вычислительной техники

Матвиенко провела переговоры с руководством Эфиопии

«Спартак» пытался купить нападающего ЦСКА Мусаева