Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024

Ноокаттын жолун сындаган ютубердин камактагы мөөнөтү узартылды

0
Ютубдагы "За правду" баракчасынын ээси Азамат Карабаевдин камактагы мөөнөтү 19-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" 22-ноябрда Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, 21-ноябрда Карабаевдин камактагы бөгөт чарасы Ноокат райондук сотунда каралып, тергөөчүнүн камакка алуу өтүнүчү канааттандырылган.


Ош облустук милициясы Азамат Карабаевге Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин экинчи бөлүгү (Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) жана 278-беренесинин ("Массалык башаламандыктар") беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалганын 23-октябрда билдирген.




Милиция анын Ютубдагы баракчасына жарыяланган видео-материалга жүргүзүлгөн соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык иш козголгонун, ал тасмада Ноокат районунун Кулатов айыл тургундары бирге 5-июлда ЮКЦ цемент заводуна барышып бейбаштык кылышканын билдирген.


Ютубер 22-октябрда Ноокаттагы жаңы салынган жолдун сапатына нааразылыгын билдирип, Фейсбукка видео жарыялаган.


Ошол эле күнү кечинде милиция аны кармап кеткени белгилүү болгон.


Айрым интернет басылмалар блогердин кармалышын ошол соңку материалына байланыштырган.


Кыргызстанда блогерлер социалдык тармакка жазган пикири же бөлүшкөн маалыматы үчүн абакка кесилип, пробация же айып пул менен чыккан бир нече учур катталды. (MKt)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Сенсационный разгром с «баранкой» определил возможную соперницу Елены Рыбакиной на турнире в Дубае






В Москве автомобиль каршеринга разорвало пополам после удара о столб

Блин блином: во сколько обойдется угощение на Масленицу

МЧС показало кадры тушения крупного пожара в здании на Варшавском шоссе

Здесь делают российские сим-карты. В Москве горит Институт точной механики