Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024

Бишкекте гараждын жерин бошотууда чыккан чыр боюнча иш козголду

0
Бишкектин Төмөнкү жал кичи районундагы Псковская көчөсү №71 дарегинде жайгашкан гараж кооперативинин жерин бошотууда чыккан чыр боюнча Ленин райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгоду.


Райондук милициянын басма сөз кызматы окуя болгон жерде абал туруктуу экенин, Бишкек мэриясынын кызматкерлери менен гараждын ээлеринин чырына юридикалык баа берилерин билдирди.


22-ноябрда мэриянын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери Псковская көчөсү №71 дарегинде жайгашкан гараж кооперативинин жерин бошотуу үчүн барган. Мэрия гараждын ээлери башкармалыктын кызматкерлерине бензин чачып, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматтык автоунаасы жана атайын техникасы да жабыркаганын кабарлаган.


Мэриянын муниципалдык жерде жайгашкан деген менчик гараждарды алуу аракети алардын ээлеринин нааразылыгына туш болуп келе жатат. Гараж ээлери кооперативге өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарынан бери мүчө экенин, мүчөлүк акысын калтырбай төлөп жүрүшкөнүн, шаар башкармалыгынын аракети мыйзамсыз экенин айтып, нааразылык билдирип келет.


Мэрия Кыргызстандын “Жер кодексине” ылайык жеке же мамлекеттик менчик катары расмий катталбаган жер тилкелеринин баары муниципалдык менчик болуп эсептелерин эскерткен. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Рублёв вышел в 1/4 финала турнира ATP в Дохе






Губернатор Воробьев обсудил с главой Электростали Волковой развитие округа

На Шри-Ланке туристка из России погибла, высунувшись из поезда ради сэлфи

"Сюжеты торжества тюрок над русскими": Мухетдинов опять угодил в скандал - в ДУМ РФ новая картина

Лукас узнала плохие новости перед третьим боем за 20 дней