Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024

Орусияда кыргызстандык жаран терроризмге айыпталып соттолду

0
Орусиянын Екатеринбург шаарында аймактык аскер соту Кыргызстандын жаранын алты жылга эркинен ажыратты.



Жергиликтүү маалымат каражаттары Перм крайындагы Федералдык тергөө кызматынын маалыматына таянып, кыргызстандык жаран Федералдык тергөө кызматы тарабынан террористтик жана экстремисттик уюмдун жардамчысы (сообщник) катары кармалганын жазышты.



Маалыматтарга ылайык, тергөө кызматы аны социалдык түйүндөрдө террористтик, экстремисттик уюмдардын, топтордун ишмердигин пропагандалаган видеолорду жарыялап, алардын кыймыл-аракеттерин актаган пост, комментарийлерди жазып турганын аныктаган.



Кыргызстандык жаранга карата Орусия Кылмыш кодексинин 205-беренеси ("Террористтик аракеттерге ачык чакыруу, "Интернетте терроризмди актоо жана жайылтуу") жана 280-беренеси (Экстремисттик иш-аракеттерге интернетте ачык чакыруу") менен кылмыш иши козголгон.



Бул маалымат боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги, Екатеринбургдагы консулдугу комментарий бере элек.


Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалыматында, учурда Орусиянын абактарында 1370 кыргызстандык жазасын өтөп жатат, соңку учурда бул көрсөткүч көбөйүүдө.


2024-жылы Орусия абактарынан 77 кыргыз жараны өткөрүлүп берилген, дагы 56 кишини мекенине кайтаруу боюнча иш жүрүп жатканын кыргыз прокуратурасы билдирген.



Расмий маалыматка караганда, учурда Орусияда 411 миңден ашуун кыргызстандык мигрант бар. Орусиянын абактарындагы кыргызстандыктардын маселеси парламентте бир нече жолу көтөрүлгөн.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Россиянка Андреева за день выиграла два матча на турнире WTA-1000 в Дубае






«Спартак» пытался купить нападающего ЦСКА Мусаева

Суд удовлетворит в приоритетном порядке требования экс-сотрудников ООО «Гугл»

Пятигорчанин погасил кредит, чтобы поехать в отпуск за границу

В Москве загорелось здание Института вычислительной техники