Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024

Пакистанда куралдуу кол салуудан кеминде 46 киши каза болду

0
Пакистанда дагы кеминде46 кишинин өмүрүн алган кол салуу болгонун "Машаал" радиосу кабарлады. Дагы ондогон киши жараат алды. Каза тапкандар арасында балдар жана аялдар бар.


21-ноябрда өлкөнүн эң кооптуу жана тынчсыз аймагы болуп эсептелген, Ооганстан менен чек арада жайгашкан Хайбер-Пахтунхва провинциясында диний кырдаалдан улам 700гө жакын шии мусулмандарын Пешавардан Парачинарга полициянын коштоосу менен ташып баратышканда аларга куралчан адамдар тобу кол салган. Колоннада 200 автомашина болсо, анын 25ке жакыны аткыланган, калгандары качып кетүүгө үлгүргөн.




Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, каза тапкандар арасында шиилер да, суннилер да бар. Кол салууга азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек.


Куррам аймагында абал 12-октябрда курчуй баштаган. Анда 17 кишинин өмүрү кыйылып, кийин да бир нече кол салуу болгон. Пакистандын бул аймагында диндин сунни жана шии багыттарын карманган түрдүү уруулар өкмөттүн жана күч органдарынын тынчтык орнотуу аракетине карабастан бири-бири менен көптөгөн жылдардан бери жер-суу талашып, ар кандай жаңжалга кириптер болуп жашап келишет. (RK)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Касаткина вновь приблизилась вплотную к топ-10 рейтинга WTA






Айза-Лилуна Ай встретила свою любовь дома: «Я не ожидала»

Гражданское общество в Год семьи: итоги и новые цели

FT: Renault не исключает возвращения компании на российский рынок

Матвиенко на встрече с президентом Эфиопии назвала свой визит результативным