Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024

Ташиев Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы камалганын билдирди

0
Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы коррупцияга айыпталып, кармалып, камалды.


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 24-ноябрда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңыланган имаратынын ачылышында сүйлөп жатып билдирди:



"Кечээ кечинде эле Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы кармалып, камалды. Ошол үч сот дагы президенттин алдынан, Судьяларды тандоо кеңешинен өткөн. Көп жылдан бери кызмат кылып келишкен. Президенттин алдында "таза кызмат кылабыз" деп убадасын беришкен. Бирок ошол эле мезгилде жеке кызыкчылыктан улам, коррупцияга берилип, мыйзам бузушту. Ошонун негизинде кечээ алып барып камадык".






Камчыбек Ташиев камалды деген соттордун аты-жөнүн ачыктаган жок.



УКМК төрагасынын бул айтканы тууралуу Жогорку сот комментарий бере элек.


Акыркы эки жыл ичинде бир катар судьялар пара алууга жана коррупцияга шек саналып кармалган. Алардын айрымдары сот тарабынан айып пул төлөөгө милдеттендирилип, камактан чыгарылса, кээ бирлери акталган.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Андрей Рублёв уверенно обыграл Бублика на старте турнира ATP-500 в Дохе






Губернатор Воробьев обсудил с главой Электростали Волковой развитие округа

Роспотребнадзор изъял со складов «Самоката» больше двух тонн продукции

Оплачивайте покупки с улыбкой

В Москве пройдет семинар по вопросам размещения некапитальных объектов