Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024

Кыргызстанда быйыл аялдар зомбулук көргөн 14 миңден ашуун учур катталды

0
Кыргызстанда жыл башынан бери аялдарга карата 14 миң 239 зордук-зомбулук учуру катталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулукту коргоо боюнча чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Окоева 25-ноябрда “Биринчи радиого” курган маегинде билдирди.



Анын айтымында, бул расмий катталган гана көрсөткүч.



"14 239 учур аялдардын укук коргоо органдарына кайрылып катталган гана учурлары. Кайрылбаган аялдардын санын кошсок, 3-4 эсе көп чыгыт. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендердин дээрлик 90% ашыгы аялдар болууда", — деди Окоева.



Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында 16 күндүк өнөктүк башталды. 10-декабрь - Адам укугун коргоонун эл аралык күнүнө чейин өтө турган иш-чара коомчулукта үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы аракеттерди жогорулатуу, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюуга коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөйт.



Былтыр өнөктүк "Кыздарга жана аялдарга инвестиция кылуу" деген ураандын алдында өткөн.



25-ноябрь – Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү.






Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси (WPS) боюнча, Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылды.


Ички иштер министрлигинин маалыматында, ушул жылдын сегиз айында 10 миң 567 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганы, бул былтыркы сегиз айдын көрсөткүчүнөн 24,1% же 2 055 учурга көп экени кабарланган.



Кылмыш-жаза кодексинин "Үй-бүлөлүк зомбулук" боюнча 177-беренесине ылайык, кылмыш кылган адам эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылуу менен жазаланат. (ZKo)






 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Марсель (ATP). 1/4 финала. Чжан сыграет с Бергсом, Медведев встретится со Штруффом






Свыше 50 тысяч квадратных метров самостроя снесли на востоке Москвы в 2024 году

От синяков до психотравмы на всю жизнь: куда жаловаться на частный детский сад

Разборки на дороге могут закончиться сроком: юрист рассказал о нюансах

Патрушев допустил возобновление диалога с Берлином после выборов в Германии