Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024

Кыргызстанда электрондук эмгек китепче системасы ишке кирет

0
Санарип өнүктүрүү министрлиги 1-декабрдан тарта "Электрондук эмгек китепче" модулун ишке киргизерин кабарлады. Бул электрондук кызмат көрсөтүүчү "е-Kyzmat" автоматташтырылган маалыматтык тутумунун бир бөлүгү болуп саналат.



Маалыматка ылайык, долбоор жарандардын эмгек ишмердигин эсепке алууну жөнөкөйлөтүү, кызматкерлердин эмгек жана кызматтык таржымалын оңой окуп көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга жана кагаз түрүндөгү эмгек китепчелерин колдонуу зарылдыгын жоюуга багытталган.



"Электрондук эмгек китепчесинин киргизилиши жарандар, жумуш берүүчүлөр жана мамлекеттик органдардын ортосундагы карым-катышты ачык-айкын жана ыңгайлуу кылып, маалымат алмашууну тездетип, бюрократиялык түйшүктү азайтат", - деп белгиленген маалыматта.



Маалыматтарды борборлоштурулган түрдө сактоо аларды жоготуп алуу же жасалмалоо коркунучун жокко чыгарат, кагаз түрүндөгү документтердин жүгүртүлүшүн азайтат.



1-декабрга чейин долбоор пилоттук сынактан өтөт. Андан кийин модулду улуттук деңгээлде жайылтуу пландалууда.




Электрондук эмгек китепчесин чыгаруу дымагы тууралуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы 2020-жылы кабарлаган. Мекеме виртуалдык паспорт, айдоочулук күбөлүгү, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана башка документтер менен катар эмгек китепчесин да чыгарарын билдирген. (ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

Медведев о допинговом деле Синнера: «Надеюсь, теперь каждый теннисист сможет защитить себя»






Свыше 50 тысяч квадратных метров самостроя снесли на востоке Москвы в 2024 году

Что происходит с ценами на красную икру? Сколько стоит аренда жилья в столице? О чём спорят маркетплейсы и магазины техники?

Косметолог Проскурина рассказала, как избавиться от растяжек на коже

Около 1,7 тысячи москвичей приступили к осмотру квартир в трех округах столицы