Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024

Бишкекте көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңысын куруу каралууда

0
Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкек шаарындагы көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңы, көп батирлүү үйлөрдү куруу мүмкүнчүлүгүн караштырууда.


Бул тууралуу аталган агенттиктин башчысы Нурдан Орунтаев маалымат жыйында билдирди.  



"Сталин, Хрущевдин убагында курулган үйлөр көп. Алардагы болжолдуу 500 батири бар үй бир нече гектар жерди ээлеп, 10 миң чарчы метрдей гана турак жайды түзүп жаткан болсо, азыркы жаңы технологиялар менен заман талабына ылайык, ошол эле жерге 100 миң чарчы метрлик, көп батирди курууга болот. Бул жөнөкөй тил менен айтканда реновация деп аталат".



Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин төрагасы эң ириде пайдубалы жок тургузулган үйлөр сүрдүрүлөрүн кошумчалады.



"Биз көп кабаттуу үй куруу боюнча америкалык заманбап программа сатып алдык. Реновация программасына инвестиция тартылат жана мамлекеттик бюджеттен акча салынат. Мисалы, инвестор бул программанын алкагында жер тилкесин сатып алууну кааласа, тиешелүү органдарга кайрылат жана ага уруксат алат. Андан кийин сүрдүрүлө турган үйдүн тургундарына барып, алар менен сүйлөшөт. Ал батирлерди базар баасында сатып алат же башка жолдорун таап сүйлөшөт. Аягында эски үйдү сүрүп, ордуна жаңысын тургузат".


Орунтаев программа качан ишке кирерин, ал кайсы мыйзамдын негизинде иш алып барарын ачыктаган жок.






Расмий маалыматтарга караганда, союз убагында Бишкекте 1500дөн ашуун көп кабаттуу үй курулуп, пайдаланууга берилген. Алардын пайдалануу мөөнөтү 50-70 жыл деп эсептелген. (ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Теннисист Андрей Рублев вылетел с турнира в Барселоне






Общественники потребовали создать ГОСТ для куличей

Истории трех москвичей, чьи билеты на праздничный тираж «Русского лото» принесли миллионы

Предоставление государственных услуг в сфере оборота оружия через Единый портал государственных услуг для владельцев оружия и граждан города Королева

Сергей Генкин: Поддержка молодого Козловского и его личная драма