Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024

Ала-Букада мектептин сапатсыз курулушу боюнча кылмыш иши козголду

0
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө райондун Падек айылында жайгашкан Т.Жоробаев атындагы орто мектептин имараты сапатсыз курулганы аныкталып, кылмыш иши козголду.



Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы 26-ноябрда кабарлады.




Текшерүүдө аталган мектептин 59 млн 320 миң сомго сапатсыз курулган имаратын мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик тиешелүү көзөмөл жүргүзбөй кабыл алганы аныкталган.



Маалыматта айтылгандай, мектептин пайдубалынын ичи кум-шагыл эмес, топурак менен толтурулган, ушундан улам мектептин ашканасынын, ажатканасынын жана кээ бир класстык бөлмөлөрдүн полдору 20-40 см чейин чөгүп кеткен. Мунун кесепетинен дубалдарда жаракалар пайда болуп, мектептин имараты жараксыз абалга келип, жабылып калган.






Бул факты боюнча Ала-Бука районунун прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 273-беренеси ("Сапаты начар курулуш)" менен кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү райондук милиция жүргүзүүдө.



Башкы прокуратура маалыматында мектептин курулушу качан жүргүзүлгөнүн, пайдаланууга качан берилгенин ачыктаган эмес.




Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров акыркы үч жылда курулушу башталып, бирок ортодо токтоп калган мектептердин 80% бүткөрүлгөнүн, 214 жаңы мектеп салынганын билдирген. Ал ошондой эле 2024-жылы өлкөдө 212 мектеп, 50 бала бакча ачыла турганын маалымдаган.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Сафиуллин заменит дисквалифицированного Синнера на турнире ATP в Дохе






Москвич заметил стекающую по кухонной стене кровь

Кубок Салавата: передышка к соревнованиям Степана Ануфриева на Mini Cooper

МегаФон усилил безопасность ювелирной сети «585*ЗОЛОТОЙ»

Глава РФПИ назвал переговоры между Россией и США в Эр-Рияде позитивными