Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024

Сот троллейбустун зымдарын алуу чечимин кайра жокко чыгарды

0
Бишкектин Административдик соту борбор калаадагы троллейбус зымдарын алууну токтотуу боюнча чечимин кайра жокко чыгарды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы 28-ноябрда кабарлап, мындай чечимди сот 27-ноябрда кабыл алганын билдирди.


Административдик сот экологиялык активисттердин троллейбус зымдарын алуу боюнча Бишкек шаардык кеңешинин 29-августтагы токтомун жокко чыгаруу өтүнүчүн карап, 22-ноябрда канааттандырган.


Мэрия калаадагы троллейбустарды электробустарга алмаштыра турганын жарыялаган. #SaveBishkekTrolleybus кыймылы жана башка демилгелүү топтор буга каршы чыгып, коомдук транспорттун экологиялык түрүн сактап калууну талап кылышкан.


Мэрия июндун башында Байтик баатыр жана Ахунбаев баштаган көчөлөрдөгү троллейбус зымдарын алган.


Бир катар көчөлөрдө каттап келген троллейбустар каттамы 4-ноябрь күнү Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саммитине байланыштуу убактылуу токтотулганы кабарланып, кайра жанданган эмес. Мэрия муну шаардагы эки троллейбус ДЕПОсунда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатканы менен түшүндүргөн. Маалыматка ылайык, ДЕПОлордо Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен электрбустарды кубаттоочу бекеттер орнотулууда. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Анна Калинская отказалась от участия в WTA 500 в Мексике: её заменит Векич






Актер Ефремов подал прошение об условно-досрочном освобождении

Новости дня: актуально, быстро, четко

Матвиенко: миллионы студентов и качественное образование - задача вузов

Пьяный и без прав: суд арестовал водителя после смертельного ДТП в Москве