Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024

Австралия өспүрүмдөргө социалдык тармактарды колдонууга тыюу салат

0
Австралиянын парламенти 16 жашка чейинки өспүрүмдөргө социалдык тармактарды колдонууга тыюу салган мыйзамды жактырды. Чектөө Snapchat, TikTok, Facebook, Instagram, Reddit жана X тармактарына жайылат, бирок бул тизме толуктанышы мүмкүн. Бул - мындай чара каралган дүйнөдөгү биринчи мыйзам.


Эмки жылдын ноябрында күчүнө кирет деген мыйзамда социалдык түйүндөрдү катуу көзөмөлдөп туруу каралган жана ал интернеттеги платформаларды балдардын жашын текшерүүгө милдеттендирет.


Түн ортосуна чейин созулган парламенттик сессияда жогорку палата – Сенат мыйзамды кабыл алууну колдоп добуш берди. Парламенттин төмөнкү палатасы мыйзам долбоорун шаршембиде кабыл алган.


Долбоорду сунуш кылган премьер-министр Энтони Албанезе социалдык тармактар балдардын саламаттыгына коркунуч жаратарын айтып келатат.


Мыйзамды аткарбаган жеткинчектерге айып пул салынбайт. Жобонун аткарылышын камсыздоо социалдык тармактардын өздөрүнө жүктөлөт. Мыйзамды бузган компаниялар 50 миллион австралиялык доллар (32 миллион АКШ доллары) айып пул төлөйт.


Буга чейин бир катар өлкөлөрдүн бул багыттагы демилгелери ийгиликсиз аяктаган же соцтармактардын карышылыгына туш болгон.


Жаңы чараны сындагандар мыйзам кантип иштейт жана өспүрүмдөрдүн жеке маалыматтары жетиштүү корголобу деген суроо коюшат.


Анын үстүнө эксперттер чектөөнү VPNдин жардамы менен кыйгап өтүү мүмкүн экенин белгилешет.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева поднялась на четвертую позицию в гонке за чемпионство WTA.






Toyota Frontlander дешевле Changan CS35 Plus и Chery Tiggo 4: кроссовер можно купить за 2,3 млн

Фестиваль «Норильские сезоны» откроется концертом «Сказки по нотам»

Экстренное предупреждение из-за усиления ветра объявили в Забайкальском крае

«Вопреки всем трудностям»: Козловский рассказал о своей сложной жизни в России