Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024

Казакстан: Маданият жана маалымат министрлиги ЖМКга көз салуу эрежелерин аныктайт

0
Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын мониторингин тескеген документтин үстүнөн иштеп жатканын билдирди. “Власть” басылмасы жазганына караганда, анда “маданий, адеп-ахлак жана үй-бүлөлүк баалуулуктардын нормалары” аныкталмакчы.


Министрлик ошол нормаларды бузгандарга көз салып турарын кошумчалады.


“Азаттыктын” казак кызматы маалымдагандай, июнда маданият жана маалымат министрлинин орун басары Канат Искаков талкууга бейөкмөт уюмдар менен журналисттер тартыларын убада кылган. Министрлик жакын арада жаңы эрежелер талкуу үчүн атайын порталга жайгаштырыларын маалымдады.


Быйыл Казакстанда маалымат каражаттары тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынган. Анын алкагында адеп-ахлак, маданият жана үй-бүлөлүк баалулуктарды бузуу учурларына байкоо салынып турмакчы.


Искаков ал баалуулуктар мыйзамда бекитилбегендиктен, аларга тиешелүү укуктук-нормативдик база иштелип чыгарын айткан. Мониторингдин жыйынтыгында мыйзам бузулганы аныкталса, мекеме материалды алып салууну же оңдоону сунуш кыла алат.


Министрдин орун басары байкоо салуу иштерин белгиленген бир кызмат жүргүзөрүн кошумчалаган.


19-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон маалымат каражаттары тууралуу жаңы мыйзамга байланыштуу айрым укук коргоочулар тынчсыздануусун билдиришкен. Алардын пикиринде айрым толуктоолор мамлекеттин прессанын үстүөнө көзөмөлүн күчөтүшү мүмкүн.


"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндиги индексинде кошуна өлкө 2023-жылы 180 өлкөнүн арасынан 142-орунга жайгаштырылган.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Дубай (ATP). 1/4 финала. Оже-Альяссим сыграет с Чиличем, Медведев встретится с Гриспором, Циципас – с Берреттини






Турция в 2024 г. сократила импорт нефти на 4%

Получившие в Петербурге патент мигранты смогут работать в Ленобласти

Εвpοпeйцы бοятcя, чтο Ρccия и ϹШA пοдeлят Apκтиκу бeɜ ниx –

Полковника МВД нашли мертвым на работе: названы две версии