Башкы прокуратура Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) курулуш иштериндеги мыйзам бузуулардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян боюнча кылмыш ишин козгоду.
Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, ӨКМде жана ага караштуу мекемелерде табигый кырсыктардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин азайтуу максатында курулган объектилердин сапаты боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча Капиталдык курулуш департаментине жана Сел, суу ташкындарынан коргоо кызматына 6 прокурордук чара көрүү актысы берилген. Анын негизинде мамлекетке 1 млн 808 миң 427 сомдук зыян келтирилгени аныкталган. Маалыматка ылайык, келтирилген зыяндын орду толтурулду.
"Мисалы, Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагындагы дамбаны куруу иштерин жүргүзүүдө Департаменттин жооптуу кызмат адамдары жеке ишкана менен алдын ала сүйлөшүп алышып, тийиштүү иш кагаздарына жалган маалыматтарды киргизүү менен курулуш иштеринин көлөмүн атайылап жогорулатышкан. Натыйжада мамлекетке 4 330 514 сом өлчөмүндө зыян келтирилген, ал эми кылмыш ишин тергөө учурунда материалдык зыян толугу менен мамлекеттин пайдасына кайтарылган", - деп жазылган маалыматта.
Прокуратура курулуш иштеринин жүрүшүндө аныкталган одоно мыйзам бузуулар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу"), 273-беренеси ("Сапаты начар курулуш") жана 346-беренеси ("Кызматтык жасалмачылык") менен кылмыш иштерин козгогон.
Бул иштер боюнча тергөөнү Аскер прокуратурасы жүргүзүүдө.
ӨКМ маалыматына ылайык, ушул жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанда селден 22 адам каза болду. Быйыл апрелден июлга чейинки убакта эле селден 17 адам набыт болгон, алардын он чактысы жашы жете элек балдар. Ушул жылдын баштапкы жети айында селден мамлекетке жалпы 172 млн 956 миң сом зыян келтирилген.
28-июнда Ноокатта жүргөн селден 10 адам каза болгон. 30-июнда Кара-Кулжада 4 адам селге агып каза тапкан.(ZKo)
Arcane co-creator reminds fans 'there are always constraints', dispels theories the show was rushed or restrained by Riot's higher-ups
Plug In Digital перевыпустит Serial Cleaner на iOS и Android
Suicide Squad: Kill the Justice League is $3.50 on Steam, letting you poke around one of 2024's most interesting failures for the price of a cheeseburger
The best-selling graphics card deals on Amazon right now, and which we recommend