Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024

Газада ЦАХАЛдын соккуларынан 15тей киши мерт болгону кабарланды

0
Израил күчтөрү Газа тилкесинин түндүгүндөгү Бейт-Лахия шаарындагы имаратка жасалган соккуда кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылганын палестиналык медиктер 2-декабрда билдирди.


Палестиндердин жарандык чукул кызматы билдиргендей, качкындар баш калкалап жаткан үйгө тийген соккудан бир нече киши жараат алып, көбү дайынсыз жоголгон. Куткаруучулар убагында жете алган эмес.


Маалыматка караганда, ансыз да эптеп иштеп жаткан үч ооруканага жараат алгандар батпай калды.


Жергиликтүү тургундардын айтымында, Жабалия, Бейт-Лахия жана Бейт-Ханун шаарларында израил армиясы бир нече жумадан бери жүргүзгөн операция маалында бир нече үй бомбаланып, айрымдары өрттөлдү.


Алардын айтуусуна караганда, ЦАХАЛ бомбалоо жана күчтөп эвакуациялоо менен Газанын түндүгүн тазалап, буфердик аймак түзүүнү көздөп жатат. Израил армиясы мындай пикирлерди четке кагып, андай максаты жок экенин айтууда. ЦАХАлдын билдирүүсүнө караганда, Газанын түндүгүндөгү соңку операциясы согушкерлердин бул аймакта кайра топтолуусуна жол бербөө максатында жүргөн. 


Газадагы аскердик операциянын башталышына ХАМАС радикал уюмунун 2023-жылдын октябрь айындагы Израилдин конуштарына кол салуусу түрткү болгон. "Хамасчылар" анда 1200дөй кишини өлтүрүп, 250дөй адамды туткунга алган.


Израил армиясынын Газадагы аскердик кампаниясы 44 400дөй адамдын өмүрүн алып, көбүн качкынга айланууга аргасыз кылганын анклавдын жетекчилиги билдирип келет. Аймактын көп бөлүгү урандыга айланган.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Сантьяго (ATP). Финал. Баес сыграет с Дьере






Хегсет напомнил Клинтон о провальной перезагрузке с Россией через фото с Лавровым

Astrum закрыла онлайн-экшен "Боевые Роботы: Противостояние" — игра оказалась ненужна российским геймерам

Ульяновский автозавод в 1944 – 1945 годах

SHOT: Силовики предотвратили теракты в Москве