Садыр Жапаров Батышты жана АКШны "Ооганстандын азыркы бийлигин" таанууга чакырды
Ал “Талибан” дүйнөнүн изоляциясында экенин, мындай көрүнүш Ооганстандагы маселени чечпей турганын айткан.
“Тескерисинче, азыркы кырдаал канчалык создуккан сайын ооган элинин азаптуу күндөрдү башынан кечириши улана берет. Талибдер 2021-жылдын жайында бийликке келгенде Ооганстандын Борбордук банкынын чет жактагы 9,4 млрд долларлык активдери Батыш өлкөлөрүндө “тоңдурулганын” жакшы билесиздер. Анын 7 млрд доллардайы АКШда. Бул каражатты Ооганстандагы кырдаалды жакшыртууга жана ооган элинин бакубатчылыгы үчүн тез арада кайтаруу зарыл деп эсептейм. Мисалы, бул каражатты Ооганстандын азыркы бийлиги өздөрүнүн инфраструктуралык объектилерин калыбына келтирүүдөн тышкары жергиликтүү банктары аркылуу жарандарына жеткиликтүү насыя берип, айыл чарбасын өнүктүрүп, жакырчылыкта күн кечирип жаткан жарандарын ирдентүүгө жол ача алмак деп эсептейм. Азыр Ооганстандын элинин көпчүлүгү ачарчылык коркунучунда турат”, - деген Жапаров.
Ал Европа өлкөлөрүнүн жана АКШ бийлигин Ооганстандын азыркы бийлигин таанууга жана “тоңдурулган” каражаттарды кайтарып берүүгө чакырарын кошумчалаган.
Бул өлкөлөр ар кандай программалар аркылуу техникалык колдоо көрсөтсө, Кыргызстан жардамдашууга даяр экенин, жогорку окуу жайлардын базасында ооганстандык студенттерди окутууга, мамлекеттик кызматкерлердин тажрыйбасын жогорулатууга болорун айткан.
Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Ооганстандын убактылуу тоңдурулган валюталык резервдерин кайра иштетүүгө уруксат берип, Кабулга эл аралык каржылык жардам берүүгө чакырган.
АКШнын Ооганстанда "Талибанга" каршы согушу 2001-жылдын 11-сентябрындагы Кошмо Штаттардагы ири террордук актыдан кийин башталып, 2021-жылдын августунда жыйынтыкталган. Ошол жылы Ооганстандын көпчүлүк бөлүгүн, анын ичинде борбор калаа Кабулду кайрадан өз көзөмөлүнө алган талибдер жаңы "Ооганстан ислам эмираты" түзүлгөнүн жарыялашкан. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган.
Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирип келген. Быйыл 6-сентябрда кыргыз тышкы саясий мекемеси "Талибанды" "кара тизмеден" чыгарганын ырастап, "Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган" деп билдирген. (TAb)