Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024

Медицина багытында мыйзамсыз иш алып баргандардын жазасы катаалдашты

0
Президент Садыр Жапаров медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн колдонуудагы мыйзам бузууга жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам долбооруна кол койду.


Ага ылайык, Саламаттык сактоо жөнүндө мыйзамында элдик медицина менен мыйзамсыз алектенгендер, дары-дармекти, медициналык буюмдарды мыйзамсыз өндүргөн жана саткандар үчүн жазаны катаалдатуу каралган.


Мындан тышкары, документке медициналык ишмердик үчүн лицензия алган жактардын ишмердигин талаптагыдай көзөмөлдөө үчүн ченемдер жана жоболор кирген.


“Медициналык манипуляциялар, анын ичинде адамдын организмине таасир тийгизген жана дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз клиникалык изилдөөлөр (сыноолор) үчүн айып пулдун суммасын 500 миң сомдон 1 млн.сомго чейин жогорулатуу каралган”, - деп жазылган маалыматта.


Бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 17-октябрда кабыл алган. Долбоордун негиздеме маалымкатында соңку учурда Кыргызстанда мыйзамсыз медициналык кызмат көрсөткөндөр көбөйгөнү, талап кылынган билими жок адамдар пластикалык операцияларды жасаган, дары-дармектерди эрежелерин сактабай саткан учурлар катталганы жазылган.




Хирургиялык багыттагы кызматтарды медицина багытында атайын квалификациясы жок, бир айлык курсту окуганы тууралуу сертификат менен көрсөтүп жүргөн жарандар аныкталганы белгиленген.


Бул көйгөйдү жөнгө салуу үчүн мыйзам долбооруна айыптардын баасын көтөрүү жана көрсөтүлчү кызматтардын тизмесин лицензияга тизмектеп жазуу менен ишмердикти көзөмөлдөө, адамдын өмүрүнө коркунуч келтирген учурларда лицензияны токтото туруу шартын киргизүү сунушталган.


Буга чейин Кыргызстанда пластикалык операциядан кийин абалы начарлап, каза болуп калган учурлар катталган.



“Азаттык” жеке менчик клиникадан пластикалык операция жасаткандан кийин каза болгон эки келин жана жабыркагандар боюнча макала даярдаган.


Былтыр декабрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Азаттыкка” курган маегинде Кыргызстанда лицензиялык жана санитардык талаптарга жооп бербеген 485 менчик клиника жабылганын билдирген.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Australian Open

Российская теннисистка Калинская снялась с Открытого чемпионата Австралии






На заведующую детсадом Петрозаводска, где малыш стал инвалидом, все-таки заведут уголовное дело

Какой фестиваль на самом деле открыли в Новосибирске Василиса Бержанская, Юсиф Эйвазов и Жюльен Салемкур?

Русский народ как гарант безопасного российского общества

Нефтегазовые доходы российского бюджета в 2024 г. выросли на 26,2%