Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024

Президент Жапаров өлкөдө туруктуулук орноп, үч жылда бир да митинг болбогонун айтты

0
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда акыркы үч жылдын ичинде бир да митинг болбогонун билдирди. Бул тууралу мамлекет башчы 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы акы алына турчу айланма жолдун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө айтты.


Президент туруктуулук орноп, тыштан 2021-жылдан бери өлкөгө түз жана кыйыр түрдө 5 млрд доллардан ашык инвестиция келгенин кошумчалады.


“Байкадыңыздарбы акыркы үч жылда өлкөбүздө бир да митинг болгон жок. Стабилдүүлүк орноду, ички дүң продукциябыз өстү. Ошол үчүн тыштан келген инвесторлор азыр кезекке келип тура башташты. Мурда биз инвесторлорду келгиле деп чакырчу элек. Алар келсекпи же жокпу деп тандап турчу. Азыр биз инвесторлорду тандап атабыз”, - деди президент.


2022-жылы март айында Бишкектин негизги аянттары менен көчөлөрүндө - Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, өкмөт үйүнүн алдында жана анын жанындагы Турсунбаева атындагы бакчада митинг-пикеттерди өткөрүүгө Бишкектин Биринчи май райондук соту тыюу салган.




Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жанындагы жерлерде, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында да тынч жыйындарды өткөрүүгө чектөө киргизилген.


Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот.


Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында Кыргызстанда жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп, 2022-жылы Бишкектин борбордук аянттарында акция өткөрүүгө салынган тыюу утур-утур узартылып келатканын билдирген.


2023-жылдын ноябрынын аягында жана декабрынын башында Кыргызстандагы базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. Ушундай эле акциялар Максим Горький бакчасында да болгон. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Аделаида (ATP). Финал. Оже-Альяссим встретится с Кордой






В Подмосковье сотрудники Росгвардии задержали иностранного гражданина, устроившего дебош в гостинице

С футбольного клуба «Крылья Советов» хотят взыскать 897 млн руб. долга

Что почитать в январе 2025 года: восемь лучших книг

Пенсионные баллы в 2025 году: сколько стоят, как их рассчитать и получить