УКМК экс-депутат Султан Урманаев кармалганын билдирди
Атайын кызматтын маалыматында ал 1995-1996-жылдары “Кыргызтрансавто” мамлекеттик акционердик коомунун төрагасы болуп турганда, айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен “Токчулук” мамлекеттик акционердик коомунун акцияларын мамлекеттен сатып алганы айтылат. Андан тышкары мурдагы Балыкчы эт комбинатынын мүлкүн мыйзамсыз жеке менчикке өткөргөнү аныкталган. Бул мүлктүн баасы 626 млн сом деп эсептелген.
УКМК бул коррупциялык схемага башка адамдардын катышы бар-жогу текшерилип жатканын кошумчалап, кармалган мурдагы чиновниктин аты-жөнүн толук жарыялаган жок.
Бирок ал Урманаев Султан Исакунович экени айтылууда. Атайын кызмат тараткан инициал анын аты-жөнүнө туура келет.
Ачык булактардагы маалыматта 76 жаштагы Султан Урманаев “Кыргызтрансавтону” 1996-1998-жылдары башкарганы, 2000-жылга чейин өзгөчө кырдаалдар министри болуп, 2000-2002-жылдары Жалал-Абад облусунун губернатору кызматында иштегени, 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланганы айтылат. Анын жакындары жана адвокаты менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу тууралуу буга чейин бир нече ирет билдирүү жасаган. Ал 14-июнда Кара-Суу районунда мечиттин ачылышына катышкандан кийинки сөзүндө “мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргендер аны өкмөткө кайтара турганын” билдирген.
Андан бери Кыргызстанда мурда-кийин жеке менчикке өткөн жерлер, имараттар мамлекетке алынды. Талдоочулар ошол эле учурда өлкөдө менчикке болгон укук да сакталышы керек экенин айтып келишет. (BTo)