Ашыкча жүк салган машиналарга 11 айда 112 млн сом айып пул салынды
Ушул жылдын башынан тартып оор жүк ташууда эреже-мыйзамдарды бузгандарга мындан ары жаза катаалдаган жана айып пулдун өлчөмү көбөйгөн.
Соңку эки жылдан бери июнь айынан сентябрга чейин жүк ташыган машиналарга күн ысыкта жолго чыгууга чектөө киргизилип жатат.
Кыргызстандагы кан жолдордо жалпысынан салмак-көлөмдү көзөмөлдөгөн 20дан ашык бекет бар. Мындай бекеттердин кызматкерлери коррупцияга шек саналып кармалган учурлар болгон.
Кыргызстанда Кытайдан оор жүк ташыган машиналар жолдорду бузуп жатканы, буга алар ашыкча жүк жүктөп, ченемдерди сактабай иштеп жүрүшкөнү, көзөмөлдөөчү кызматкерлер көз жумуп, жемкорлук орногону айтылып келген.