Аба ырайы: Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда кар жаайт
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй облусунун чыгыш тарабында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 5…10;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -4…-9 градус болот.
Бишкек шаарында кар жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүз 5…7° болот.