Парламент Касымалиевди Министрлер кабинетинин төрагалыгына макулдук берди
Парламентте саат 12:30да президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ант беришет.
Адылбек Касымалиев 16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Анын алдында Акылбек Жапаров бул кызматтан кеткени 16-декабрда белгилүү болгон.
Касымалиевдин ордуна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп мурдагы экономика министри Данияр Амангелдиев дайындалган.
18-декабрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Бакыт Сыдыков экономика жана коммерция министри кызматын аткаруучу болуп дайындалган. Ал 2021-жылы Экономика министрлигинде инвестициялар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, кийин тышкы байланыштар бөлүмүн жетектеген.
2024-жылы Сыдыков президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. (TSh)