Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Адылбек Касымалиев жаңы салыктык талаптар кайра каралып чыгарын билдирди

0
Жогорку Кеңеш 18-декабрдагы отурумунда Министрлер кабинетиндеги жетекчилердин талапкерлигин карап жатат. Атап айтканда, Министрлер кабинетинин төрагалыгына Адылбек Касымалиев, төраганын биринчи орун басарлыгына Данияр Амангелдиев, экономика жана коммерция министри кызматына Бакыт Сыдыков сунушталып жатканын президенттин парламенттеги өкүлү Алмаз Абытов билдирди. 


Жыйында Дастан Бекешев жаңы салыктык талаптар боюнча коомчулукта нааразылыктар да бар экенин белгилеп, бул маселени карап чыгууну сунуштады. 


Адылбек Касымалиев бул маселе соңку учурда көп талкууланып жатканын белгилеп, алдыда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар (ЭТТН), көзөмөл-кассалык машине (ККМ), электрондук эсеп-фактурасы (ЭСФ) боюнча жумушчу топ түзүлүп, жеңилдетүү маселеси караларын тактады. 


Өкмөт салык системасында жүргүзүлгөн реформанын жыйынтыгында көмүскө экономиканын үлүшү 23 пайыздан 23 пайызга чейин азайып, жыйымдар 30-40 млрд сомго өскөнүн билдирип келет.




Адылбек Касымалиев 16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Анын алдында Акылбек Жапаров бул кызматтан кеткени 16-декабрда белгилүү болгон. 


Касымалиевдин ордуна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп мурдагы экономика министри Данияр Амангелдиев дайындалган.


18-декабрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Бакыт Сыдыков экономика жана коммерция министри кызматын аткаруучу болуп дайындалган. Ал 2021-жылы Экономика министрлигинде инвестициялар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, кийин тышкы байланыштар бөлүмүн жетектеген.


2024-жылы Сыдыков президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. 




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

«Испанцы никогда не умирают». Циципас о том, что Бадоса победила в номинации WTA «Возвращение года»






Что делать в России зимой?

Эксперт Дембикова: при выборе образа важно отталкиваться от собственного стиля

В 2024 г. девелопер UDS почти в два раза превысил прошлогодний показатель по вводу домов

"Позаботьтесь о нем": в Петербурге ищут бросившую младенца в ТЦ мать