Кыргызстанда майрам күндөрдү кыскартуу боюнча жаңы кодекс кабыл алынды
Долбоордо бир катар өзгөртүүлөр камтылган. Ага ылайык, 23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь майрам бойдон кала берет, бирок кызматкерлер ал күндөрү эс албайт. Ишемби, жекшембиге туш келген майрамдар үчүн башка күнү дем алыш болбойт. Январдын башында жаңы жылдык жана май айынын башында майрамдык эс алуу болот.
Документти Министрлер кабинети иштеп чыккан. Баяндамачы катары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров келди.
Кыргызстандын алгачкы Эмгек кодекси 1998-жылы кабыл алынган. Азыр колдонулуп жаткан экинчи редакциясы 2004-жылы, 20 жыл мурун кабыл алынып, бир нече жолу өзгөртүү киргизилген. (TSh)