Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

"Социал-демократтар" партиясы абактагы Султанбековду ачкачылыгын токтотууга чакырды

0
“Социал-демократтар” партиясынын президиуму 18-декабрда партиянын абактагы лидери Темирлан Султанбековду ачкачылыкты токтотууга чакырды. Билдирүүдө Султанбековдун ачкачылык жарыялаганына 35 күн болгону, “ал чындык, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн күрөштө чечкиндүүлүгүн көрсөткөнү” белгиленген.


“Биз ар бирибиз Темирланга бир нече ирет адвокаттары аркылуу да, жеке өзүнө да кат менен кайрылып, ачкачылыкты токтотуусун суранганбыз. Эми анын ден соолугуна коркунуч жаралып жатканда, биз расмий чечим кабыл алууга аргасыз болдук. Анын добушу угулуп, чечкиндүүлүгү жана кайраттуулугу көпчүлүккө үлгү болгонуна ишенебиз”, - деп жазылган билдирүүдө.


Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди эки айга камакка алган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.




Шектүүлөргө Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат.


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутат Сеидбек Атамбаевдин суроосуна жооп берип жатып, Темирлан Султанбеков мыйзам алдында жооп бериши керектигин билдирген.


Бир күндөн кийин Султанбеков Ташиевдин айткандарына кат түрүндө жооп кайтарып, Кыргызстанда биринчи жолу саясий партия шайлоонун алдында жарыштан четтетилип, лидери камакка алынганын, муну менен бийлик алсыздыгын көрсөткөнүн жазган.


Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын быйыл 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (TAb)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Спортсмены и рекламные ролики: Джокович в пасти у крокодила, а Овечкин — доставщик пиццы






История теннисистов Елены и Дениса Барбу: как сын пошёл по спортивным стопам матери

Владимир Путин: Зарплаты в России выросли на 9% в реальном выражении

Сбить «Орешник» нет никаких шансов, можем устроить «дуэль» в Киеве, — Путин

Путин разрешил зарубежным покупателям платить за газ не только в Газпромбанке