Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024

Францияда аялын башка эркектерге зордуктаткан киши 20 жылга кесилди

0
Франциянын соту жубайына дары сайып, чочун кишилерди чакырып аны зордуктаткан Доминик Пеликону 20 жылга абакка кести. Бул тууралуу Associated Press жазды. 72 жаштагы Пелико ага тагылган бардык айыптар боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал өзү жана аялы Жизелди зордуктаган бир нече киши күнөөсүн моюнга алды.


Бардыгы болуп бул иш боюнча 51 киши өткөн. Он жыл бою түрдүү жаштагы, түрдүү улуттагы жана ар кандай кесипти аркалаган эркектер Пеликонун үйүнө барып, уктап жаткан аялды зордуктачу. Күйөөсү анын бардыгын видеого тартып алган. Жубайлар 50 жыл никеде турган. Кылмыштын бети ачылгандан кийин аялы ажырашып, кайра өзүнүн фамилиясына өткөн. 


Калган айыпталуучулар 3 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылды.


2020-жылы Пелико дүкөндө аялдарды жашыруун тартып жатканы үчүн кармалганда полиция анын үйүнөн жогоруда айтылган видеолорду таап алган. Аларда аялын 72 киши зордуктаганы көрүнүп турганы менен, бардыгын аныктоо мүмкүн болгон эмес.


Жизель Пелико бетин, аты-жөнүн жашырбай ачык сотко катышууну чечкен. Бул окуядан кийин Францияда аялдардын коопсуздугу тууралуу маселе козголду. 14-сентябрда Жизелге тилектештик билдирген акция өткөн.


Авиньон шаарындагы сот болгон имараттын алдына активисттер “Жизель, рахмат!” деген плакатты кармап турду. 




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анастасия Потапова

Потапова не смогла выйти в третий круг турнира в Индиан-Уэллсе






Архитектурный облик ЖК в Останкинском создадут на контрастных материалах

Ƃpитaнcκaя paɜвeдκa нacтpaивaeт пpοтив Ροccии Южный Κaвκaɜ

Из-за атаки БПЛА на запасной аэродром в Самаре приземлились 11 московских рейсов

Собянин сообщил об отражении ПВО массовой атаки беспилотников на Москву