Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Президент Жапаров илимпоздорду "жаңы ачылыштарды жасоого" чакырды

0
Президент Садыр Жапаров 19-декабрда оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук илимдер академиясына барып, акыркы жылдары бул мекеме мамлекет үчүн илимий сунуштарды, натыйжалуу долбоорлорду бере электигин айтты.


Президенттин басма сөз кызматы Жапаров “бул тармак өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө түздөн-түз салым кошууга тийиш” деп, Улуттук илимдер академиясында нааразылыктар, тааныш-билиш менен кызматка орношуулар биринчи орунга чыкканын сынга алганын билдирди.


“Чыныгы илимий өндүрүмдүүлүк, изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, жаңы ачылыштар жокко эсе. Мындай терс көрүнүштөр көп жылдан бери айтылып келатса дагы, оңолуу жолуна түшүүгө, намыстанып, башка өлкөлөрдүн мисалында өнүгүүгө аракеттер болбогону өкүндүрөт. Ал эми окумуштууларыбыздын көпчүлүгү ишке ырааттуу келбей, кызмат орундарын формалдуу гана сактап, бирок айлык алып жүргөн учурларын айткандан дагы уяласың”, - деди ал.


Президент академиянын имаратын оңдоп-түзөө илим чөйрөсүнө түзүлө турган шарттардын башаты экенин айтып, жетиштүү каражат да бөлүнүп берилерин жана буга жараша жыйынтык да көрсөтүү керек экенин кошумчалады.


2023-жылдагы маалымат боюнча, академияга караштуу 20 илимий мекеме бар. Жалпы 1 575 киши эмгектенсе, анын 880ден көбү илимий кызматкер. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген. Коомчулукта академияны реформалоо зарыл деген пикирлер айтылып келет.


Быйыл 13-апрелде Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясына пландан тышкары барып, анын имаратын оңдоого бюджеттен 500 миллион сом бөлүнгөн. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

WTA сделала заявление о матче Соболенко — Швёнтек






Королева с характером: прима-балерина Евгения Образцова развенчивает мифы о своей профессии

Суд продлил арест экс-замминистра энергетики Яновского по делу о мошенничестве

Суд арестовал обвиняемого в убийстве генерала Кириллова на месяц и 30 дней

Иван Мешков: Прямая линия в очередной раз доказала важную истину: сильный президент – сильная Россия