Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

OCCRP: Президент Рахмондун небереси 9 жашында Дубайда кымбат батир алган

0
Тажик президенти Эмомали Рахмондун небереси Эражон Гулов 9 жашында Дубайда кымбат батир сатып алган. Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору (OCCRP) Дубайдагы кыймылсыз мүлк тууралуу ачыкка чыгып кеткен документтердин негизинде ушундай бүтүмгө келди.


Маалыматка караганда, Пальма Жумейра деген белгилүү архипелагдагы батирдин аянты 210 чарчы метрди түзөт. Азыр 18ге чыккан Эражон Гулов аны канчага алганы белгисиз. Бирок иликтөөчүлөр батирдин учурдагы баасы 1,3 миллион доллардан ашарын аныкташты. Документке ылайык, азыр анын ижара акысынан эле жылына 55 миң доллар түшөт.


2015-жылы батирди алып жатканда Гуловдун энеси – президенттин кызы Парвина Рахмонованын белгилүү киреше булагы жок болчу. Күйөөсү Ашрафжон Гулов Тажикстандын Москвадагы элчилигинде консулдук кызматты жетектечү. Борбор Азия боюнча эксперт Эдвард Лемондун айтымында, дипломаттардын маянасы Дубайда мындай баадагы кыймылсыз мүлк алууга жетпейт.


Ал эми Парвинанын атасы ал маалда 20 жылдан бери өлкө башында турган. Ашрафжондун атасы 2006-2013-жылдары Тажикстандын энергетика жана өнөр жай министри болуп иштеген.


Бириккен Араб Эмирлигинин мыйзамдарына ылайык, 7-18 жаштагы балдар камкорчунун уруксаты менен кыймылсыз мүлккө ээ боло алат. Документтерде Эражон Гуловдун камкорчусу ким болгону белгисиз.


OCCRP жазгандай, мүлккө ээлик кылууну өткөрүү документтеринде тажик ТИМнин кызматкери Сухроб Мирзоалиевдин электрондук дареги көрсөтүлгөн.


Мирзоалиев, Эражон Гулов жана анын ата-энеси журналисттердин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Эрика Андреева проиграла в финале турнира WTA 125 в Лиможе в парном разряде






В Забайкалье проходит масштабная научно-практическая конференция школьников «Шаг в будущее»

"Первая кровь часто только начало": Кто и почему устроил перестрелку в парламенте Абхазии? На связь вышли инсайдеры

Кириенко вручил награды победителям Всероссийского форума студентов «Твой ход»

Красноярцев приглашают на выставку предметов аристократического быта XIX века