Бейшембиде Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы боюнча резолюция кабыл алды. Документте өлкө демократия жолунан тайганы айтылат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резоляциясын өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттады.