Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

АКШнын өкүлдөрү "Хайят Тахрир аш-Шам" тобунун лидери менен жолугушту

0
Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү Сириянын борбору Дамаскта "Хайят Тахрир аш-Шам" радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) лидери Абу Мухаммед Аль - Жулани менен жолукту. Башар Асаддын бийлиги кулагандан кийин бул топ өлкөнүн басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турат.


АКШнын мамлекеттик катчысынын Жакынкы Чыгыш боюнча жардамчысы Барбара Лиф билдиргендей, Аль - Жулани сүйлөшүүгө макул болгонуна жооп катары АКШ анын кайсы жерде экенин айткандарга 10 миллион сом сый акы койгонунан баш тартат.


Лиф жолугушуу “оң маанайда” өткөнүн, Сириянын саясий өткөөлүндөгү принциптер, аймактагы террордук коркунучтун көбөйүшүн алдын алуу маселеси талкууланганын белгилеген. Анын айтымында, Аль-Жулани бул шарттарды аткарууга даяр экенни айткан.


Мындан тышкары Сирияга салынган санкцияларды алуу маселеси да каралды. Лифтин айтымында, АКШ Сириядагы жаңы өкмөттү түзүүгө Ирандын таасир этүүсүнө жол бербейт.


Мамлекеттик катчынын жардамчысы алдын ала пландалган маалымат жыйындын болбой калышынын себебин Дамасктагы коопсуздук коркунучуна байланышы жоктугун айтып, көчөдөгү майрамдоолор америкалык делегациянын иш-чара болчу жайга жетүүсүнө тоскоол болгонунан улам экенин тактаган.



"Хайят Тахрир аш-Шам" уюму мурда “Аль-Каидага” жакын байланышы болгон жана бир нече теракт уюштурууга айыпталган. Соңку учурда бул уюм бир катар маселелерде, анын ичинде кыз-келиндер укуктары боюнча талаптарын жумшартып жатканын The Washington Post жазды.
"Хайят Тахрир аш-Шамдын” куралданган козголоңчулары он жылдан узакка созулган жарандык согуштан кийин Башар Асаддын авторитардык режиминин кулашында маанилүү роль ойноду.
АКШнын администрациясы бул уюмду террордук топтордун тизмесинен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Муну менен кошо Ак үй сириялык өкмөттү тааныш үчүн аткарылышы керек болгон бир нече талаптардын тизмесин чыгарган.
"Хайят Тахрир аш-Шам" менен Бириккен Улуттар Уюмунун жана Британиянын чабарманы да сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Орусия президенти Владимир Путин да буга байланышуу боюнча үн катты. Мындан тышкары франциялык дипломаттар да Дамаскка келип, шейшембиде Франциянын Сириядагы элчилигинде 12 жылдан бери биринчи ирет француз туусу көтөрүлдү. 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Мирра Андреева и Арина Соболенко разгромили Бадосу и Швентек






Человек содержательный и глубокий: в Карелии умер известный врач

Российский вратарь хочет сменить гражданство ради сборной Казахстана

Единое пособие на детей вырастет на 14,8% в 2025 году

Восемь рейсов вылетят из Пулково с задержкой