Германия: Жарманкеде кишилерди автоунаа менен тебелеп кеткен окуяда беш киши каза тапты
Буга чейин Bild басылмасы төрт киши каза тапканын, 41и жараат алганын полицияга таянып билдирген. Дагы 86 киши оор, 78и жеңил жаракат алганын, жалпы 205 киши жабыркаганын жазган.
Окуя 21-декабрдын кечинде болгон. Автоунаанын айдоочусу дароо кармалган.
Айрым немис басылмалары ал Сауд Арабияда туулган 50 жаштагы дарыгер экенин, Германияга 2006-жылы биринчи жолу келгенин, 2016-жылы качкын макамын алганын кабарлап жатышат. Маалыматтарга караганда, ал Бернбург ооруканасында психиатр, психотерапевт болуп иштеген.
Анын бул кадамга эмне себептен барганы белгисиз. Иликтөө жүрүп жатат.
Немис канцлери Олаф Шольц Магдебургга барып, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Президент Франк-Вальтер Штайнмайер окуяны айыптады. АКШ, Улуу Британия, Франция, ЕБ жетекчилиги да көңүл айтуу катын жолдошту.
Сауд Арабия окуяны айыптап, немис элине жана маркумдардын жакындарына тилектештик билдирди.