Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23
24
25
26
27
28
29
30
31

Тоолуу жана алыскы аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге 2 млн сомго чейин акча төлөнөт

0
Президент Садыр Жапаров бийик тоолуу жана жолу татаал алыскы аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку “Бала береке” төлөмүн төлөө жөнүндө жарлыкка кол койду.


Президенттин сайтындагы маалыматка караганда, токтом Конституциянын 71-беренесинин негизинде кабыл алынган.



Ага ылайык, 2026-жылдан тартып төрт жана андан көп балалуу болгон үй-бүлөлөргө бир жолу төлөнүүчү төлөм бериле баштайт.


1) Төртүнчү баласын төрөгөндөргө – 100 000 (жүз миң) сом;

2) Бешинчисине – 600 000 (алты жүз миң) сом;

3) Алтынчысына – 800 000 (сегиз жүз миң) сом;

4) Жетинчи балага – 1 000 000 (бир миллион) сом;

5) Сегизинчи балага – 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом;

6) Тогузунчу балага – 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом;

7) Он жана андан көп балалуу болгондорго 2 000 000 (эки миллион) сом кичүү бала бир жашка чыкканда берилет.




Министрлер Кабинети алты айдын ичинде жарлыкты ишке ашыруу тартибин, шарттарын жана төлөмдүн каржылоо булактарын аныктоого тийиш.


Кыргызстанда азыр жети жана андан көп балалуу энелерге “Баатыр эне” наамы ыйгарылат. 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Баатыр эне” орденин алгандардын саны 40 миңге жакындады. (ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
US Open

Двукратного чемпиона «Больших шлемов» в паре Перселла временно отстранили за употребление допинга






Вечеринка в Москве в честь 45-летия Эмина Агаларова вызвала гнев россиян

Все — тлен, все — суета: кто такой «чилл гай» и когда уместно это слово

В Курске активные пенсионеры дали итоговый концерт

Главу НИИ — производителя вакцин от COVID-19 осудили за взятку