Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24
25
26
27
28
29
30
31

Бир жылда Өзбекстандын 500дөн ашуун жараны АКШдан депортацияланды

0
Кошмо Штаттардын Иммиграция жана бажы кызматы (ICE) 2023-жылдын сентябрь айынан 2024-жылдын сентябрь айына чейин Өзбекстандын 572 жаранын депортациялады. Бул тууралуу мекеме жарыялаган баяндамада белгиленген. Андагы маалыматка караганда, бир жыл ичинде 192 өлкөдөн барган 271 484 киши депортацияланган. Бул мурунку жылга салыштырмалуу эки эсе көп.


2022-2023-жылдар аралыгында Өзбекстандын 88 жараны мекенине күчтөп кайтарылган.


Быйыл жайында Калифорния штатынын Чек ара кызматына Орусия, Грузия, Молдова, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандан барган мыйзамсыз мигранттарды кармалары менен депортациялоо көрсөтмөсү берилген. Бул чечим Кошмо Штаттардын миграциялык саясатын катаалдаштыруу жана депортация жараянын тездетүү максатында кабыл алынган.




Буга чейин 2023-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын июнь айына чейин АКШнын түштүк чек арасынан 57 200 мигрант мыйзамсыз өткөнү, алардын 2900дөйү Өзбекстандын жарандары экени кабарланган.


АКШнын түштүк чек арасы аркылуу ал жакка кирген кыргызстандыктардын да саны соңку жылдары өсүүдө. Иммиграция жана бажы кызматынын баяндамасында алардын так саны жазылган эмес.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Андрей Рублёв и Мирра Андреева вышли в финал WTL. Но титул возьмёт кто-то один






Конфуз дня. Корабль для вывоза российских войск из Сирии сломался открытом море

маринка ты картинка

Депутат Боярский назвал слухами сообщения о возможной блокировке WhatsApp

Победители премии «Сделано в России»: Светлана Тюльбашева «Лес»