Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28
29
30
31

ЖАК соттолгондор тыюу салынган буюмдарды өз ыктыяры менен тапшырганын билдирди

0
Жазаларды аткаруу кызматы (ЖАК) Бишкек шаары жана Чүй облусундагы түзөтүү мекемелери менен убактылуу кармоочу жайларда отургандар мыйзамсыз жолдор менен пайдаланып келген 685 даана уюлдук телефонду, тыюу салынган буюмдарды  өз ыктыяры менен өткөрүп беришкенин билдирди. Бул тууралуу мекеме 24-декабрда тараткан билдирүүдө жазылган.


Маалыматка караганда, соттолгондор жана иши тергелип жаткандар мындай кадамга тиешелүү түшүндүрүү иштеринен кийин барышкан.


Андан тышкары ЖАК жабык жайлардагылар туугандары, адвокаттары менен байланышып туруусу үчүн ал жактарга стационардык жана уюлдук аппараттарды орнотууну убада кылган.


Мыйзамга ылайык соттолгондор жана айыпталуучулар үй-бүлөсү жана жакындары менен жылына беш жолудан 14 жолкуга чейин телефон аркылуу сүйлөшүүгө укуктуу.




Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары абак жайларда кармалып тургандар ачкачылык жарыялаганын, айрымдары сабалганын жазышкан. 23-декабрда ондон ашык киши ушундай талап менен аталган тергөө абагынын алдына чогулган, алар абакта кармалган жакындары менен жолуктурууну талап кылышкан.


Жаза аткаруу кызматы мындай маалыматты төгүндөп, жабык жайлар штаттык режимде иштеп жатканын билдирген.


Акыйкатчы институту 23-декабрда Бишкек шаарындагы №21 мекемеде (№1 тергөө абагы) отургандардан кабар алган. Мекемеден "Азаттыкка" маалымдашкандай, абакта кармалгандар 20дан ашык киши 20-декабрдан бери ачкачылык кармап жатканын айтышкан.


Ошондой эле, абакта 21-декабрдан тарта айыпталуучулардын жана соттолгондордун жактоочулары менен жолугуу жадыбалы өзгөртүлүп, ага ылайык ишемби жана жекшемби күндөрү дем алыш күнү болуп эсептелине баштаган.


Акыйкатчы институту Жазык-процесстик кодексинин 46-беренесине таянып, айыпталуучу өз жактоочусу менен жекеме-жеке жана чектөөсүз убакытта эркин баарлашууга укуктуу экенин эскертти.


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Акыйкатчы институнун бул билдирүүсүн төгүндөдү.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Юлия Путинцева

Путинцева откровенно высказалась о России






На Орловщине определили центры тестирования для иностранцев

Дети военнослужащих и сотрудников Росгвардии посетили новогоднее представление в Казанском государственном цирке

СМИ: У жены Башара Асада обнаружили рак

В Коньково увековечили память штурмана женского авиаполка «Ночные ведьмы»