Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28
29
30
31

Акыйкатчы институту тергөө абагында 20дан ашык киши ачкачылык кармап жатканын ырастады

0
Акыйкатчы институту 23-декабрда Бишкек шаарындагы №21 мекемеде (№1 тергөө абагы) отургандардан кабар алганын билдирди.


Мекемеден "Азаттыкка" маалымдашкандай, абакта кармалгандар 20дан ашык киши 20-декабрдан бери ачкачылык кармап жатканын айтышкан:


"Акыйкатчы институту кармалгандардын айрымдарынын дене-боюн карап чыкты. Алардын ичинен экөө К.Д. жана Д.Ш. акыйкатчынын атына арыз менен кайрылып, тергөө абагынын кызматкерлери күч колдонгонун тастыкташты. Айтымында, аларды союл менен сабап, тепкилешкен. Денелеринде ур-токмоктун белгилери, шишиктер жана гематома бар экени аныкталган. Жабырлануучулар кылмыш чөйрөнүн өкүлдөрү. Алардын айтымында, аларга медициналык жардам да көрсөтүлгөн эмес", - деп билдирди Акыйкатчы институту.




Ошондой эле, абакта 21-декабрдан тарта айыпталуучулардын жана соттолгондордун жактоочулары менен жолугуу жадыбалы өзгөртүлүп, ага ылайык ишемби жана жекшемби күндөрү дем алыш күнү болуп эсептелине баштаган.


Акыйкатчы институту Жазык-процесстик кодексинин 46-беренесине таянып, айыпталуучу өз жактоочусу менен жекеме-жеке жана чектөөсүз убакытта эркин баарлашууга укуктуу экенин эскертти.


Абактагы жолуктуруу графигинин өзгөрүшүнүн мыйзамдуулугун текшерүү үчүн жана кармалгандарга күч колдонуу боюнча чогултулган материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.


Акыйкатчы Жамийла Жаманбаева камакка алынгандардын арыздарын жеке көзөмөлүнө алган.


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Акыйкатчы институнун бул билдирүүсүн төгүндөдү.


Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары абак жайларда кармалып тургандар ачкачылык жарыялаганын, айрымдары сабалганын жазышкан. 23-декабрда ондон ашык киши ушундай талап менен аталган тергөө абагынын алдына чогулган, алар абакта кармалган жакындары менен жолуктурууну талап кылышкан.


Жаза аткаруу кызматы мындай маалыматты төгүндөп, жабык жайлар штаттык режимде иштеп жатканын билдирген. (MKt)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андреа Петкович

Петкович: когда Алькарас плох, он чертовски ужасен. У него нет плана Б






Мурашко связался с Минздравом Казахстана для помощи после крушения самолёта

Новый физкультурный комплекс открыт рядом с метро "Улица Горчакова" в Москве

Свыше 3 млн тонн минеральной воды в бутылках произвели в Подмосковье в 2024 году

Фасады двух нежилых строений обновлены в районе Крюково