Бишкектеги ыш маселеси парламентте көтөрүлүп, өкмөттөн маалымат угуу сунушталды
Дагы бир депутат Элдар Абакиров да ыш маселесин көтөрүп, жагылган көмүрлөрдүн сапаты боюнча иш алып барууну сунуштады.
“Бишкектин тегерегиндеги айылдарда дем алуу кыйын болуп калды. Бул көмүрдүн сапатынан болушу мүмкүн деген ой келди. Кара-Кеченин көмүрүнүн ордуна бир жыл бою бышкан көмүрдү колдонуп көрүүнү сунуштайм. Балким, ошондо ыш азаят. Бир жолун издеп көрүшүбүз керек. Болбосо бул миллион-миллион доллар зыян катары элибиздин ден соолугуна тийип жатат”, - деди Абакиров.
Ыш маселеси Жогорку Кеңеште буга чейин да бир нече ирет көтөрүлүп, өкмөттүн бул көйгөй боюнча жүргүзгөн ишмердиги боюнча отчет угуу сунушу берилген.
World Air Quality уюмунун иликтөөсүндө 24-декабрда Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектин борборундагы көрсөткүч (AQI) саат 19.00гө карата 458ди көрсөттү. Калаанын башка бөлүктөрүндө индекс кечээ өтө кооптуу чектен - 600-760тан ашып кетти.
Аба таза болушу үчүн бул көрсөткүч 50дөн ылдый болушу керек.
Сайттагы маалыматта Бишкектеги абалга "адам өмүрү үчүн өтө коркунучтуу" деген баа берилген.
Кыргызстандын борбору муну менен дүйнөдөгү абасы эң кир делген Гананын Аккра, Индиянын Дели, Пакистандын Лахор шаарларын артта калтырды.
23-декабрда Бишкек аба өтө булганган шаарлардын ичинен үчүнчү орунду ээлеген. Индекс абанын сапатына жараша саат сайын жаңыланып турат.
Баш калаада акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды.
Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны каптаган ыш, түтүн күч алып, экология маселеси курчуйт.
Экологдор буга чейин абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин айтып чыгышкан. Шаардын асманын кара-көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөт, видеолор интернетте тынымсыз жарыяланып келет. Сырттагы ыш, түтүн үйлөрдүн, имараттардын ичин каптап, тамак, көкүрөктөрү ачышып, аллергиялык жана башка оорулар козголуп жатканын айткандар арбыды. (TAb)