Түштүк-Чыгыш Азиядагы цунами апаатынын 20 жылдыгы эскерилүүдө
2004-жылы 26-декабрда болгон цунамиге Индонезиянын Суматра аралынын жанында күчү 9,1 баллга жеткен жер титирөө алып келген. Бийиктиги 17 метрден ашкан толкундар Тайланд, Шри-Ланка, Индия, Индонезиянын жана дагы тогуз өлкөнүн жээгин басып калган.
Курмандыктардын жарымынан көбү туура келген Индонезияда жакындарын жоготкондор Ачех чөлкөмүндөгү көрүстөнгө барышты. Анда кырсыктан курман болгондордун бир тобу тек-жайы аныкталбастан көмүлгөн.
Ошол зилзала жана цунами адамзат тарыхындагы эң кыйратуучу жаратылыш кырсыктарынын бири болуп калды.