Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28
29
30
31

Омскиде полиция 570 мигранттын документтерин текшерди

0
Орусиянын Омск облусунда полиция рейд жүргүзүп, 570 мигранттын документтерин текшерди. Бул тууралуу орус Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлап,  үчөө өлкөдөн чыгарыларын кошумчалады.


Маалыматка караганда, рейд учурунда миграциялык мыйзам бузулган 88 учур катталды. Административдик мыйзам бузуу деп Орусияга кирүү же жашоо режимин сактабоо, каттоого турганда туура эмес маалымат берүү, мыйзамсыз иштөө саналат.


Мындан тышкары мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, чет элдиктерди жасалма каттоого тургузуу үчүн 12 кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.


Мартта Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерт залында болгон теракттан кийин Орусияда миграция саясаты катаалдашты. Кол салуу үчүн орус бийлиги тажикстандык келгиндерди айыптаган.


Улам бир тармакта мигранттардын иштөөсүнө тыюу салынууда, аларды ишке алуунун жана Орусияда жашоонун жол-жоболору татаалдашты.


Орус ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовойдун маалыматына ылайык, учурда Орусияда чет элдик 6,174 млн киши жашайт. Биринчи саптарда Өзбекстандын, Тажикстандын, Кыргызстандын  жарандары турат.


29-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Орусияда 334 миңдей кыргызстандык иштеп жүргөнүн «Азаттыкка» билдирген.




 


 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Юлия Путинцева

Юлия Путинцева раскрыла правду про отношения с Еленой Рыбакиной






Из парков Подмосковья отправили более 13 тысяч писем Деду Морозу

Москва планирует начать перевод всей коммунальной техники на электротягу

Путин подписал указ о выплате детям захваченных в плен или пропавших военных

Каникулы с пользой. В Москве подготовили развлечения для семей с детьми