Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Матцаковдун сотуна тергөө тобунун башчысы катыша турган болду

0
27-декабрда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда абактагы адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасы каралды. 


Отурумда адвокаттар тергөөчүлөр ушуга чейин Матцаков менен бир жолу да жолугуп, тергөө иштерин жүргүзбөгөнүн, мындан улам аны камактан бошотууга негиз бар экенин белгилешти.


Тергөөчү адвокат Нурсултан Жаныбековдун суроосуна жооп берип жатып “башка тергөөчүлөр жолугуп тергөө жүргүзүшү мүмкүн” экенин айтты. Адовкаттар тергөөчү суроолорго толук жооп бере албай жатканын белгилеп, отурумду башка күнгө жылдырып, ага тергөө тобунун башчысын катыштырууну сунушташты. Судья өтүнүчтү канаттандырып, кийинки отурум 29-декабрда саат 10:00го белгиленди. 


Матцаков айыптоо актысы менен таанышканын, бирок материалда көптөгөн ачык суроолор бар экенин “Азаттыкка” билдирди.


“Мен азыркыга чейин жабырлануучунун арызын көргөн жокмун. Мага “алдамчылык” боюнча кылмыш ишин козгогондон кийин алар тергөө иштерин кандай жүргүзүштү? Адатта, мындай кылмыш үчүн айыпты угузат жана тараптарды сурайт, беттештирет. Азыр булардын бири да болгон жок”, - деди Матцаков.


Ал өзүнүн укугу басмырланып, Кылмыш-процессуалдык кодексиндеги талаптар одоно бузулуп жатканын кошумчалады.




Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган.


Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү аныктап, 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган. Анын адвокаттары соттун чечимине каршы апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна арызданган.


Атайын кызмат адвокатка козголгон иш тууралуу алты күндөн кийин гана – 5-декабрда маалымат берип, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган.


Самат Матцаков өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирген.


3-декабрда Кыргызстанда бир нече жактоочу Самат Матцаковго кылмыш иши козголуп, анын камакка алынышын айыптап чыгышкан. Алар маалымат жыйын өткөрүп, бул окуядан кийин адвокаттык ишмердиктин мыйзамда көрсөтүлгөн кепилдиктерине коркунуч жаралганын белгилешкен. (MKt/TAb)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Стала известна сетка турнира ATP-250 в Брисбене, где сыграют Новак Джокович и Ник Кирьос






На площадках проекта «Зима в Москве» открыто 28 павильонов «Миллион призов»

Собянин: «Московский предуниверсарий» помогает исполнять мечты тысяч ребят

Повышение штрафов ГАИ, новая шкала НДФЛ, рост «коммуналки» на 22%, проезд – 43 рубля

Источник: Нигматуллин снимает квартиру после развода, жена забрала всю его недвижимость