Бишкекте блогер милицияда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кое берилди
Буга байланыштуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) кызматкерлери аталган жаңы конушка барып, "Тапсаң сеники" аккаунтунун ээси катталуучуларынын санын көбөйтүү максатында "жүз миң сомду Ак-Ордо жаңы конушунда катканын" айтканын аныктаган.
РИИБдин маалыматына ылайык, аккаунттун ээси, 31 жаштагы Ж. Ж. аттуу жаран кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал жерде түшүндүрүү иши жүргүзүлгөн соң кое берилген.
Блогер мурда да ар кайсы жерге акча, баалуу буюм-тайымдарды "тапсаң сеники" деген шарт менен катып келгени, ал мындан ары мындай кадамдарга барбоого убада бергени кабарланды.
Ленин РИИБи жарандарды шектүү утуштарга ишенбөөгө жана алданбоого чакырууда. (ZKo)