Грузия: Шайлоочулар коллегиясы президенттикке тандаган Михаил Кавелашвили ант берди
29-декабрдагы ант берүү иш-чарасы жарым саатка созулду.
Салтанатка башкаруучу “Грузин кыялы” партиясынын негиздөөчүсү, АКШнын каржылык санкцияларына кабылган Бидзина Иванишвили да катышты.
14-декабрда Грузияда шайлоочулар коллегиясы президенттикке мурдагы футболчу, 53 жаштагы Михаил Кавелашвилини тандаган. Оппозиция жана азыркы президент Саломе Зурабишвили бул шайлоону тааныган эмес.
Жекшембиде Зурабишвили президенттик резиденциянын алдына топтолгондордун алдына чыгып сөз сүйлөп, Кавелашвилинин инаугурациясын "пародия" деп атады.
Кавелашвили парламенттин үч чакырылышында депутат болгон жана Батышка каршы, орусиячыл билдирүүлөрү менен белгилүү. АКШ менен Европа Биримдигин "Грузияны Орусия менен кагылыштырууга кызыкдар" деп айыптаган.
Грузияда евроинтеграцияны жактаган жана Кавелашвилинин шайланышына нааразы болгон жүздөгөн адам акцияга чыгып келет.
“Грузин кыялы” азыр өлкөдө башкаруучу партия. Оппозиция жана ага ыктаган президент аны бийликти узурпациялоого айыптап келет.