Журналист Махабат Тажибек кызы тергөө абагынан түрмөгө которулганы кабарланды
Темировдун жазганы боюнча Жаза аткаруу кызматы расмий маалымат бере элек.
Райондук сот 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен.
Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган. Абакка кесилген жана пробациялык мөөнөт берилген төрт журналист апелляциялык арыз менен шаардык сотко даттанган.
Алар менен кошо айып тагылган калган жети журналисттин аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.
Бишкек шаардык соту 18-декабрда Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.
Тажибек кызынын, Ишенбековдун, үч жылдык пробациялык жаза чегерилген журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекееванын укугун коргоп келе жаткан адвокаты Самат Матцаков 29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кармалган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү аныктап, 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган. Атайын кызмат адвокатка козголгон иш тууралуу алты күндөн кийин гана – 5-декабрда маалымат берип, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Матцаков өзү жана адвокаттары айыпты четке кагып, "саясий чечим" менен кармалганын айтышууда.
11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган.
16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov LIVE баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.
Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.
Жаза аткаруу кызматы журналисттин колонияга которулганы тууралуу маалымат бере элек. (ZKo)