“Женго” каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов Бишкектеги №1 тергөө абагында мекеменин кызматкерлери тарабынан катуу ур-токмокко алынганын адвокаты билдирип чыкты. Маалыматты Акыйкатчы институту дагы тастыктады. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Акыйкатчы институнун маалыматын төгүндөдү. Буга чейин Акыйкатчы институту абакта кармалгандардын сөзүнө таянып, анда 20дан ашык киши 20-декабрдан бери ачкачылык кармап жатканын билдирген. Соцтармактарда абак жайларда айрымдары сабалганы тууралуу маалыматтар бир нече күндөн бери айтылып жатат.Кененирээк Наргиза Асекованын материалында.