Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024

Мектеп мугалимдерине ноутбуктар 15-январда бериле баштайт

0
Кыргызстанда мектеп мугалимдерине биринчи ноутбуктар 2025-жылдын 15-январында бериле баштайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 30-декабрда Бишкекте басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.


“Тендерди Исхак Раззаков атындагы техникалык университетке караштуу “Технопарк” утуп алган. Биз бир да ноутбук ала элекпиз. 15-январда жаңы алып келинет. Алар эки жолу текшерүүдөн өтөт. Биринчи “Технопарктын” сапатты көзөмөлдөө бөлүмү, экинчи министрликте программист, информатика мугалимдерден турган топ карайт”, - деди ал.


26-ноябрда президент Садыр Жапаров мугалимдерге ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн министрлер кабинетинин ошол кездеги төрагасы Акылбек Жапаровго, анын орун басары Эдил Байсаловго, Догдуркүл Кендирбаевага, министрликтин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага сөгүш берген.


Садыр Жапаров июль айында Кыргызстандын орто мектептеринин бардык мугалимдерин ноутбук менен камсыздоону тапшырган.


Догдуркүл Кендирбаева биринчи этапта STEM предметтери: математика, физика, химия, биология, информатика боюнча 24 миң 431 мугалим ноутбук менен камсыздаларын билдирген.


Бул максатта мамлекеттик бюджеттен 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Жылдын аягына чейин мугалимдердин 50%, кийинки окуу жылы 100% ноутбук менен камсыздалары айтылган. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Медведев проигрывает Лёнеру Тину и завершает выступления на турнире ATP






Завершена экспертиза после смерти Антона Коробкова-Землянского, 40 лет

Два человека пострадали в ДТП с такси и двумя фурами в центре Москвы

Брухунова высмеяла девушек с фейковыми сумками Birkin: «Это же срамота»

Транспортное движение на ТТК в Москве полностью восстановлено после ДТП