Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024

Беш жылга кесилген журналист Ишенбеков №8 абакта жазасын өтөйт

0
“Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери, беш жылга эркинен ажыратылган Азамат Ишенбеков №8 абакта жазасын өтөйт. Мындай чечимди Жаза аткаруу кызматынын атайын комиссиясы 31-декабрда кабыл алганын адвокаты Нурсултан Жаныбеков билдирди.


Анын сөзүнө караганда, 2025-жылдын 9-январында конвойлор Азамат Ишенбековду этап менен №8 мекемеге которот. Ал ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.


Алты жылга кесилген журналист, Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы №2 аялдар абагына которулган.


Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 18-декабрда чечимди күчүндө калтырган. Андан тышкары журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза да күчүндө калган.




Алар менен кошо айып тагылган жети журналист аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.


11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган.


16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov LIVE баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.


Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Русские теннисистки Андреева и Шнайдер выходят в финал WTA в Брисбене






Новые российские сериалы 2025 года: от «Москва слезам не верит» до «Урока» с Борисовым

Водитель Volkswagen Polo не смог выбраться из автомобиля, упавшего в Москву-реку: его тело обнаружено внутри салона

«Разошлись из-за измены Леры с танцором»: Погребняк о разводе Чекалиных

Небензя: новые власти Сирии посылают РФ сигналы о заинтересованности