ЭТТКны колдонууну жөнөкөйлөтүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Жумушчу топко экономика жана коммерция министринин орун басары, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдө кызматынын төрагасы, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары баштаган бир катар чиновниктер кирди.
30-декабрда өкмөттүн жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ЭТТК боюнча жеңилдиктерди анализдөө тапшырмасын берген.
Мамлекеттик салык кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 23-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде ЭТТК маселесине байланыштуу кайым айтыша кеткен.
Алмамбет Шыкмаматов ЭТТКны беш товарга гана - мунай заттарына, алкоголдук ичимдиктерге, тамекиге, дары-дармекке жана медициналык буюмдарга гана калтырууну сунуштап жатат. Бүгүнкү күндө ЭТТК 13 миңден ашуун ар кандай товарга колдонулат.
Кыргыз өкмөтү 2022-жылдын башынан тарта өлкөдө фискалдык реформа деген негиз менен көзөмөл-кассалык машина, электрондук эсеп-фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы өңдүү салыктык башкарууну санариптештирүү иштерин жүргүзүп келет. Салыктык башкаруунун татаалдашуусу менен кошо эле салыктын жүгү да өсүп жатканын белгилеген соодагерлер жана ишкерлер базарларда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.
ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. (BTo)