Казакстанда түлөндөр инфекциядан кырылганы расмий маалымдалды
"Бул нейроинфекцияны козгогон вирустун жаңы түрү. Ал толугу менен изилденип, иликтене элек. Деңиз жаныбарларына таандык вирустук инфекция",- деди Кыдырманов.
Ал жаныбарлар ууланган болушу мүмкүн деген божомолдорду четке какты.
Кыдырмановдун айтуусуна караганда, түлөндөрдүн өлүгү үч жумадан кийин табылгандыктан, анализ алуу кыйла оор болгон.
Казакстанда 16-октябрдан 1-декабрга чейин 1968 жаныбардын өлүгү табылган. Декабрь айында 13 түлөн кырылган.
2017-жылы Казакстанда 247 жапырт кырылып калган.
Каспий түлөндөрү – деңизди байырлаган жападан-жалгыз сүт эмүүчүлөр, алар башка жактан табылбайт.
20-кылымдын башында алардын саны бир миллиондон ашчу. Азыр 70-300 миңдейи эле калды.